🔴 ТУУГАНЧЫЛЫК МАМИЛЕНИ БЕКЕМДӨӨ УШУНДАЙ
Аллах таала айтты: «(Тууганчылык мамилени) жакшырткандар Аллахтын буйругу менен (тууганчылык мамилелерин) бекемдеп жатышат. Алар Раббисинен жана жаман суракка туш болуп калуудан коркушат». (Раад сүрөөсү, 21-аят)
Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Тууганчылык мамилени жакшыртуу деген – бул тууганы ага кандай жакшылык кылса ага дагы жакшылык кылууда эмес, тууганчылык мамилени бузган туугандары менен жакшы мамиле түзүүдө». (Бухари, 5991)
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси! Чындыгында, менин туугандарым бар. Мен алар менен тууганчылык мамилени күчөтөйүн деп аракет кылам, бирок алар ал мамилени бузушат. Мен аларга жакшылык кылам, алар мага жамандык кылышат. Мен аларга сылык мамиле кылам, алар мага сабатсызга мамиле кылгандай мамиле кылышат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Чындыгында иш сен айткандай болгон болсо, анда сен алардын ооздорун ысык чок менен толтургандай болосуң. Эгерде сен бул ишиңен жазбасаң, Аллах сага аларга каршы жардамчы жөнөтөт». (Муслим, 2558)
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
🔵 КУНУТ ДУБАСЫ
Жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
🗳 Кунуттун сүрөтүн төмөндөгү шилтемеден көчүрүңүз:
▷ /channel/dubazikir/128?single
🔴 АЛЛАХКА ЭҢ ЖАКЫН БОЛГОН АБАЛ
Пендени Аллахка жакындатуучу ибадаттардын бири – Аллахка сажда кылуу. Сажда кылган кезде пенде Аллахка жакындайт. Ал эми Аллахка жакындоо – анын дубасынын кабыл болушуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Пенде сажда кылганда Раббисине эң жакын абалда болот. Андыктан саждада көп-көп дуба кылгыла». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадиске мындайча түшүндүрмө берет:
«Мунун мааниси пенде сажда кылганда Раббисинин ырайымына жана жакшылыгына эң жакын абалда болот дегенди билдирет». (Шарх Сахих Муслим)
Курандагы эң биринчи түшүрүлгөн “Аълак” сүрөөсүнүн акыркы аятында Аллах Таала пайгамбарыбызга ﷺ мындай деп буйрук кылган:
«Сажда кыл жана Аллахка жакында». Аълак сүрөөсү (96:19)
Аяттагы «сажда кыл» дегендин мааниси – Аллах үчүн намаз оку, ал эми «Аллахка жакында дегендин» мааниси – Аллахка моюн сунуу жана сыйынуу менен Ага жакында дегенди билдирет. Ошондой эле эгерде сажда кылсаң, анда Аллахка дуба кылуу менен Ага жакында деген мааниде келген деп да айтылган. (Тафсир аль-Куртуби)
Пайгамбарыбыз ﷺ өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сахабаларына мындай деп насаатын айтып кеткен:
«Саждада дуба кылганга басым жасагыла, мына ушул силердин (дубаңарга) жооп берилишине татыктуусу». (Сахих Муслим)
Сажда кылган кезде адамдын дубалары эле кабыл болбостон, анын эки дүйнөдө кадыры көтөрүлөт жана күнөөлөрү кечирилет. Маадан ибну Абу Талха айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ азат кылган кулу Саубанга жолугуп калдым. Ошондо андан: «Аллах мени бейишке киргизүүсүнө себеп болгон (же Аллахка эң сүйүктүү болгон) ушундай бир иш-аракет тууралуу мага айт, мен аны аткарайын» – деп сурасам, ал мага эч нерсе деп жооп бербеди. Бир аз туруп кайра сурадым, анда да унчукпады. Андан соң үчүнчү жолу сурадым, ошондо гана мындай деп жооп берди: «Бул тууралуу Аллахтын элчисинен ﷺ сураганымда, ал мындай деп айткан:
«Сен Аллахка көп-көп сажда кылгын. Чындыгында, сен Аллах үчүн бир сажда кылган болсоң, Аллах ал себептүү сени бир даражага көтөрөт жана сенин бир күнөөңдү кечирет».
Маадан айтат: «Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ушул суроону сурасам, ал дагы Саубан айткандай эле сөздү айтты». (Сахих Муслим)
Сажда кылуу – бул адамдын эң урматтуу дене мүчөсү болгон башын өз буту менен тепселеп жүргөн жерге коюп, өзүнүн кул экенин көргөзүүсү жана аны жараткан кудурети чексиз Аллахтын буйругуна баш ийип, өзүнүн кул экенин моюнга алуусу. Адам өзү кул экенин билип, Кудай алдындагы милдеттерин талаптагыдай аткарганда гана кулчулук милдетин толук аткарган болот. Кул кулдай болгондо гана көздөгүнүнө жетет. Кул кулдай болгондо гана Кудай анын сураганын берет.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КҮНӨӨКӨР АДАМ БУГА ТАТЫКТУУ ЭМЕС
Бир адам Ибрахим ибну Адхамга келип: «Мен түнкү намазга тура албай жатам. Түнкү намазга туруш үчүн эмне кылуум керек?» – деп сураганда ал айтты:
«Күндүзү күнөө кылба, ошол сени Аллахтын алдына түндөсү тургузат. Түндөсү Аллахтын алдында турганың – эң улуу сый-урматтардан. Ал эми күнөөкөр адам мындай сый-урматка татыктуу эмес».
Ал эми Хасан аль-Басри айтты: «Пенде күнөө иш кылганы үчүн түндөсү намазга тура албайт, күндүзү орозо тута албайт».
Фудейл ибну Ийяд айтат: «Эгерде сен түнкү намазга тура албай жатсаң, күндүзү орозо кармай албай жатсаң, анда сен куру жалак калыпсың, байланып калыпсың. Сени күнөөлөрүң байлап коюптур».
Эгерде сен Аллах үчүн тахажудга туруп жан-дилиңди тазарткың келсе, күнөөлөрдөн арылып, Аллахка жакындагың келсе, анда күндүзү күнөө кылуудан сак бол. Анткени жүрөгү күнөөгө булганган адам эч качан түнкү намазга тура албайт, пенде күнөө кылуу менен эч качан Аллахка жакындай албайт.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
🔴 КУРАНДЫ ОКУГАНДА ОН НЕРСЕНИ ЭСКЕ АЛ
❐ Куран китепти ачардан алдын оболу жүрөгүңдү ач. Билесиңби, Куранды ачкан адамга бактылуулуктун, берекенин, ырыскынын жана көптөгөн жакшылыктардын эшиктери ачылат.
❐ Ар бир аятты окуганда мага карата айтылып жатат дегендей сезимде оку.
❐ Ар бир аяттын маанисине терең ой жүгүрт.
❐ Куран окуганда Аллахтын ыраазылыгын гана максат кыл. Ал мени кабыр азабынан коргойт, кыяматта тозок азабынан сактайт, мага шапаат кылат жана бейиштеги даражамды көтөрөт деген ойлорду эсиңе сал.
❐ Куран окугуң келбей жалкоолонуп жатсаң, анда ушуну эсте, Курандын бир бетин окусаң болжолу 5000 сооп, бир пара окусаң 100 000 сооп, толук окуп бүтсөң болжолу 3 миллион сооп аласың.
❐ Окуп жатканда терең ойлорду жараткан, жүрөгүңө катуу таасир эткен аяттарды улам-улам кайталап оку.
❐ Куран окуганда шашылба, ар бир тамганы, ар бир сөздү эрежеси менен кыраатка салып оку.
❐ Эки дүйнө жакшылыктары тууралуу аяттар келгенде Аллахтан жакшылык сурап дуба кыл, ал эми азап тууралуу аяттар келгенде Аллахтан коргоо сурап дуба кыл.
❐ Куранды терең түшүнүү үчүн тафсир китептерин же котормосун кошумча оку.
❐ Куранды окуп бүткөндөн кийин ошол айтылгандарды турмушта иш жүзүндө аткарууга аракет кыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КАНДАЙ АДАМ ЭКЕНИҢДИ ӨЛҮМ КЕЛГЕНДЕ БИЛЕСИҢ
Кумейл ибну Зияд айтты:
Күндөрдүн биринде Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анху, менен бирге жолго чыктым. Качан биз көрүстөнгө жетейин деп калганда ал кабырларга карап мындай деди:
– Эй, кабыр ээлери! Эй, сыноо ээлери! Эй, жалгыздык ээлери! Силерде эмне жаңылыктар? Биздеги жаңылыктарды айта турган болсом, силер салган үйлөрдө башкалар жашап жатышат, силер топтогон байлыгыңардын баарысын бөлүп кетишти, балдарыңар болсо жетим калды, аялдарыңар болсо башкаларга турмушка чыгып кетишти. Бизде мына ушундай жаңылыктар болду. А силерде эмне жаңылыктар?
Андан соң мага кайрылып:
– Оо, Кумейл! Эгерде буларга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде мындай деп айтышмак: «Жол азыгыңарды камдагыла! Чындыгында эң жакшы азык – такыбалык экен».
Ошондо ал өзүн кармана албай ыйлады. Бир аздан кийин мага карап мындай деди:
– Оо, Кумейл! Кабыр – адамдын кылган иш-аракеттеринин сандыгы. Сен анын ичинде эмне бар экенин өлүм келгенде билесиң. («Канзуль Уъммал», 3/396)
Өлүм келгенде сен үчүн эң кымбат болгон бүткүл нерсе артыңда калат. Сен күн-түн дебей далбастап чогулткан байлыгың да калат. Сенин көзүңдү май бастырган бийлигиң да калат. Сен суктанган сулуулугуң топуракка айланат. Бүгүн атагың асманга жетип турса да, адамдардын баарысы сенин көзүңдү карап турушса да, эртең эле эч нерсе болбогондой унутуласың. Анткени бул жашоо канчалык узак сезилсе да ал өтө кыска, канчалык кооз көрүнсө да ал убактылуу, канчалык чындыктай сезилсе да ал азгырык. Бул дүйнө жашоосу дүрт этип күйүп, жалп этип өчкөн от сыяктуу. Ал чыныгы акырет жашоосунун жанында бир көз ирмемге барабар болгон убакыт сыяктуу. Мына ошондуктан бул дүйнө жана анын ичиндеги болгон бүткүл нерселер Аллахтын алдында чиркейдин канатына да тең келбейт. Акыретке барганда сенин таянган байлыгың, бийлигиң, бала-чакаң сага эч жардам бербейт. Акыретте сага жардам берген бир гана нерсе бар – ал сенин такыбалыгың, Аллахтан коркконуң жана Анын дини менен жашаганың. Бул убактылуу жашоодо динсиз жашап өтүү – түбөлүктүү акыретти жоготуу деген сөз. Андыктан азыртадан акыретке азыгыңды камда, такыбалыкты бекем карма!
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
🔴 Убай ибну Кааб, радыяллаху анху, айтты:
«Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ биз менен бирге таңкы намазды окуп (бүтүп): «Баланча (намазга) келдиби?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. «А баланчачы?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. Ошондо ал айтты: «Чындыгында, бул эки намаз (багымдат менен куптан) – мунафыктар үчүн эң оор намаздар. Эгерде бул эки (намазда) кандай (сооптор) бар экендигин билгениңерде, анда ал экөөсүнө жөрмөлөп болсо дагы келмексиңер». (Абу Дауд)
Абдуллах ибну Масууд, радыяллаху анху, айтты:
«(Арабыздан) бирөө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзүнчө бир адам тууралуу: «Ал түнү уктап, таң атса дагы (намазга) турган жок»,– деди. Пайгамбар ﷺ айтты: «Ал адамдын кулагына шайтан заара кылып койгон». (Сахих Бухари)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХ ТААЛА ЧҮЧКҮРҮКТҮ ЖАКШЫ КӨРӨТ
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Мусулмандын мусулманга карата алты милдети бар». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси, алар кайсылар?» – деп сурашты. Ал айтты: «Эгерде ага жолуксаң салам айт; чакырган болсо бар; кеңеш сураса кеңеш бер; чүчкүргөндө “альхамдулиллах” деп айтса, “ярхамукаллах” деп айт; ооруса зыярат кыл; кайтыш болсо жаназасына катыш». (Сахих Муслим)
Ал эми Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Аллах Таала чүчкүрүктү жакшы көрөт, (оозун ачып) эстөөнү жаман көрөт. Эгер бир адам чүчкүргөндө “алхамдулиллах” деп айтса, аны уккан адам ага: “ярхамукаллах” деп жооп кайтарууга милдеттүү. Ал эми (оозун ачып) эстегенде ага шайтан күлөт, ошондуктан мүмкүн болушунча акырын эстөө керек». (Сахих Муслим)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ
Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)
Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХКА СҮЙҮКТҮҮ КАДАМДАР
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Мен силерге Аллах Таала күнөөңөрдү кечирген, даражаңарды көтөргөн амал жөнүндө кабар берейинби?» – деди. Сахабалар: «Ооба, оо Аллахтын элчиси» – дешти. Ал: «Кыйынчылыкка карабастан дааратты толук алуу, мечитке көп басып баруу, намаздан кийин намазды күтүү, ал Аллах жолунда чек ара кайтаруу». (Сахих Муслим)
Башка бир хадисте айтты: «Ким эртели-кеч мечитке барса, ар бир барганына Аллах Таала ага бейиштен бир орун (даража) даярдап коёт». (Сахих аль-Бухари)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БАЛКИМ БАЛАҢДЫН БАКТЫСЫЗДЫГЫНА ӨЗҮҢ КҮНӨӨЛҮҮСҮҢ
Кээде элес албастан балдарыбызга “өлүп кет, кара жерге кир, келесоо, көк мээ, башың иштебейт, эшек, ит” ж.б.у.с. жаман сөздөр менен урушуп тилдейбиз. Бирок ошол каргыш сөздөр балдарыбыздын жашоосуна кандай балээ алып келээрин эч баамдабайбыз. Эгерде адамдын айткан ошол сөзү дуба кабыл боло турган учурга туш келсе, анда ал айтылган каргыш сөз сөзсүз кабыл болот. Анан өмүр өткүчө айткан сөзүбүздүн запкысын өз балдарыбыздан көрүп өтөбүз. Бул жеке эле балдарга эмес, адамдын өзүнө жана мал-мүлкүнө да тийиштүү. Ошондуктан тилибизди каргыштан, тилдөөдөн тыюубуз керек. Болбосо бир каргыш сөз бүтүндөй өмүрдү жок кылып коюусу толук мүмкүн.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Өзүңөргө, балдарыңарга жана мал-дүйнөңөргө каргыш айтпагыла! Эгерде (ал айтылган каргыш) Аллах дубаларды кабыл кыла турган убакытка туш келип калса, анда айтканыңар кабыл болот». (Сахих Муслим)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ҮЛГҮЛҮҮ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН НАСААТТАРЫ
Ауф ибн Махламдин зайыбы Умама бинт Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:
«Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз.
Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсени айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:
► 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе да, бардыгын сүйүнүү менен кабыл ал.
► 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ий.
► 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
► 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби алар күйөөңдү жийиркентип, сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.
► 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
► 6. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.
► 7. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
► 8. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
► 9. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал.
Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдаары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба».
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АТА-ЭНЕНИ НААРАЗЫ КЫЛУУНУН 13 КӨРҮНҮШҮ
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Аллах Таала кыямат күнү үч түрдүү адамга карабайт: ата-энесин нааразы кылган адамды, өзүн эркектерге окшоткон аялды жана аялын кызганбаган эркекти. Ошондой эле үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесин нааразы адам, аракка берилген адам жана бергенин милдет кылган адам». (Ан-Насаи)
📍 Ата-энени нааразы кылуунун кээ бир көрүнүштөрү:
1. Бала ата-энесинин алдында өзүн көтөрмөлөп, кандайдыр себептерден улам аларга менменсинип текебер мамиле кылуусу. Мисалы, мал-мүлкү көбөйүп же билим деңгээли жогорулап адамдар арасында абройлуу болгондуктан ушундай жоруктардарды өз ата-энесине көргөзө баштайт.
2. Аларга мээрим төкпөй, аларды адамдарга зар кылып, колдорунан эч нерсе келбей, эч кимге пайдалары тийбей калган курактарында аларды бакпай кароосуз таштап кетүү.
3. Башкаларды ата-энеден абзелирээк көрүү. Мисалы, өзүнүн досун же аялын алардан артык көрүп, ата-эне балага көз каранды болуп турганда, аларга кош көңүл мамиле жасоо.
4. Ата-эненин көңүлдөрүн оорутуп, кылган иши менен же сөзү менен аларды иренжитип ыйлатуу.
5. Аларга бакырып, каяша сөз кайтарып үн көтөрүү.
6. Алардын буйруктарын жактырбай, алардан тажагандай сезим жаратып, үшкүрүнө берүү.
7. Энесинин жасаган тамагына жаман сын айтуу.
8. Алардын айткан сөздөрүнө маани бербей, кош көңүл мамиле кылуу.
9. Аларды башкалардын алдында жамандап, айып-кемчиликтерин айтуу.
10. Ата-эненин балага муктаж болуп турган курактарында алардын уруксатысыз үйдөн чыгып, аларды таштап, көчө тинтип жүрө берүү.
11. Аларга акаарат кылып сөгүш жана каргыш айтуу.
12. Аларга кол көтөрүү.
13. Аларга өлүм тилөө.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 КЫЗЫҢДЫ ДИНДАР ЖАНА МҮНӨЗҮ ЖАКШЫ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА БЕР
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон бир адам силерге куда түшүп келсе, анда ага (кызыңарды) бергиле. А эгер силер мындай кылбасаңар, анда жер бетинде фитна (азгырык) күчөп, бузукулук жайылат». («Сунан» ат-Тирмизи)
Абдуллах ибн Мубарактын атасы кул болуп жүргөн кезинде андан кожоюну: «Эй, Мубарак! Кандай ойлойсуң, кызымды жуучулардын кимисине берсем?» – деп оюн сураганда, Мубарак мындай деп айткан: «Жахилият учурунда адамдар ата-тегине карап үйлөнтүшчү. Жөөттөр болсо, үйлөнгөндө байлыгына карашат. Христиандар болсо, сулуулугуна көбүрөөк көңүл бурушат. Ал эми биздин мусулман үммөтүндө динди карманганына жана кулк-мүнөзүнө гана карап турмушка берүү керек».
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ДААВАТ КОРКО ТУРГАН НЕРСЕ ЭМЕС
Эрнис Кыязов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 САДАКА БЕРҮҮ ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТӨТ
⠀
Аллах таала айтты:
“Айткын: “Чындыгында, Раббим Өзү каалаган кулдарына ырыскыларын кеңейтет жана кимге кааласа тарытат. Эмнени садака кылсаңар, анын ордун толтуруп берет, жана Ал эң жакшы ырыскы Берүүчү”. (Саба сүрөөсү, 39-аят)
⠀
Башка бир аятта айтты:
“Эй, ыйман келтиргендер! Соода, достук, шапаат болбой турган (кыямат) күн келгенге чейин Биз берген ырыскыдан садака кылгыла”. (Бакара сүрөөсү, 254-аят)
⠀
Пайгамбар ﷺ айтты:
“Аллах таала айтты: “Эй, адам баласы! Садака кылсаң, Мен сага (ырыскыңды көбөйтүп) берем”. (Бухари)
⠀
Асма бинт Абу Бакр, радыяллаху анха, айтты:
“Аллахтын элчиси ﷺ мага айтты: “Чаначыңдын оозун байлаба, эгер байласаң, анда Аллах сеникин байлайт”. (Бухари)
⠀
Бул хадистин башка риваятында пайгамбар ﷺ мындай деп айткан:
“Садака кылгын жана эсептебегин, антсең сеники да эсептелип (чектелип) калат. Катпагын, антсең Аллах сага (буйрулган ырыскыны) катып коёт”. (Муслим)
⠀
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
🔴 АДАМДЫ ИБАДАТТАН ТОСКОН ЭҢ ЧОҢ СЕБЕП
Адамдын ыймандуу экендигинин эң чоң белгилеринин бири – өткөрүп жиберген ибадаты жана кылган күнөөсү үчүн өкүнүүсү.
Абу Дауд, рахимахуллах, айтат:
Күндөрдүн биринде Курз аль-Харисинин үстүнө кирсем, ал ыйлап жаткан экен.
Мен андан:
– Эмнеге ыйлап жатасың? – деп сурасам, ал мындай деди:
– Күнүгө калтырбай окуп жүргөн Куранымды кечээ окуй албай калдым. Аны окубай калганымдын себеби кандайдыр бир күнөөм үчүн болду окшойт деп ойлоп жатам. «Аль-Хилья», 5/79
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Күнөө – адамды ибадаттан тоскон эң чоң себептердин бири. Адам канчалык көп күнөө кылган сайын, ошончолук ибадаттан алыстайт. Эгерде адам кайсы бир ибадатты аткарууда жалкоолукту сезсе же мурункудай ибадатка болгон кызыгуусу жоголгонун байкаса, анда бул нерселер анын күнөө кылып жатканынан болушу мүмкүн. Анткени адам күнөө кылуу менен Аллахтан алыстайт, ибадат кылуу менен Ага жакындайт.
Эгерде сен адамдар менен сүйлөшкөнгө убакыт таап, бирок Аллахты зикир кылганга убакыт таппай жатсаң, жумушка убакыт таап, бирок намазга убакыт таппай жатсаң, тамак жегенге убакыт таап, бирок орозо кармаганга убакыт таппай жатсаң, интернетке убакыт таап, бирок Куран окуганга убакыт таппай жатсаң, алыс жактарга барып эс алууга убакыт таап, бирок жумага убакыт таппай жатсаң, демек, бул нерсе сенин күнөөлөрүң себептүү болуп жатат. Анткени Аллах сени күнөөлөрүң себептүү Өзүнө жакындатууну каалаган жок.
Ошондуктан ибадатка бекем болгусу келген адам – эң алгач күнөөлөрдү таштоосу керек. Күнөө кылуу менен Аллахка жакындоо мүмкүн эмес.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 АРАМ ТАМАКТЫН АДАМГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анхума, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эй, Кааб ибн Ужро! Чындыгында арам менен азыктанган дене бейишке кирбейт». (Ибн Хиббан)
Эгерде адам кичинесинен арам тамак жеп чоңойгон болсо, анда ал анын денесинин бир бөлүгүнө айланат. Бул анын келечек жашоосуна, мүнөзүнө, ыйманына жана акыретине терс таасирин тийгизет. А эгер адам кичинесинен адал тамак жеп чоңойгон болсо, анда ал бардык жамандыктардан, ыпылас нерселерден таза болот жана акыретте азаптан кутулуусуна себеп болот.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ТЕКЕБЕРЛЕНИП АДАМДАРДАН ЖҮЗ БУРБА
Яхья ибн Ма'ин айткан: «Мен Имам Ахмаддай адамды жолуктурбадым. Биз 50 жыл бою анын жанында чогуу жүрдүк, ошол убакыт ичинде анын бир да жолу өзүнүн жакшылыктарын айтып мактанганын көргөн жокмун. Жана ал (Аллах аны рахматына алсын) “Биз шордуу (жакыр) адамдарданбыз” деп айтар эле».
Ошондуктан жөнөкөй бол:
• Сени текебер кылган байлык – бул жакырчылык!
• Мени менменсинткен илим – бул караңгылык!
• Сени заалым кылган мансап – бул пастык!
• Сени таш боор кылган күч – бул алсыздык!
Чыныгы байлыкты, улуктукту жана илимди сен жөнөкөй адамдардан табасың.
“Росаил миналь Кураан”, 36-бет.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎞 БИЗ БУЛ ДУБАГА КҮНҮ-ТҮНҮ МУКТАЖБЫЗ
https://youtu.be/bQmthPkPu2Q?si=YZCjzqjdK63gb1sB
🔴 ЭКИ АДАМДЫН ОРТОСУНА АЛАРДЫН УРУКСАТЫ МЕНЕН ГАНА ОТУРУУ
Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анхума, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Эки адамдын ортосун алардын уруксатысыз бөлүп (отуруу) арам”. (Тирмизи, 2752)
Абу Дауддун риваятында мындай деп келет:
“Эки адамдын ортосуна алардын уруксаты менен гана отурсун”. (Абу Дауд, 4844)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЗАНДЫ КАЙТАЛООНУН СООБУ
Азан сөздөрүн азанчынын артынан кошо кайталаган адам төрт артыкчылыкка жетет:
1) Күнөөлөрү кечирилет.
2) Бейишке кирет.
3) Пайгамбарыбыздын шапаатына ээ болот.
4) Азандан кийин кылган дубасы кабыл болот.
Ибн Журайж айтты:
«Алгачкы улуу муундун адамдары Куранга кунт койгондой азанды да кунт коюп угушат эле». «Фатхуль-Баари», 2/92.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖУМА НАМАЗЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү башын жууса жана жуунса, (мечитке) эрте барса жана хутбаны башынан баштап укса, (эч нерсе) минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп көңүл буруп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык иш-аракеттин, андагы орозонун жана намаздардын сообу берилет». (Ахмад)
▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Жумага шашып эрте барган адамга төөнү курмандыкка чалгандай сооп берилет. Андан кийинки барганга уйду курмандыкка чалгандай сооп берилет. Ал эми андан кийинки барганга койду курмандыкка чалгандай сооп берилет. Андан кийинки барганга тоокту курмандыкка чалгандай сообу берилет». (Ибн Хузайма)
▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким (жума күнү) башын жууса жана жуунса, (мечитке) эрте барса жана хутбаны көңүл буруп укса, анда ага ар бир койгон кадамы үчүн бир жылдык намаздын жана орозонун сообу берилет». (Ахмад)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БАЛАҢДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАЛТА ЧАППА
Имам Газали (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Бир адам Абдуллах ибну Мубаракка келип, балдарынын арасынан кээ бирлери начар экенин айтып арызданат. Ошондо ал адамдан:
– Ал балаңа каршы дуба кылган жок белең? Каргыш сөздөрдү айткан жок белең? – деп сурайт.
– Ооба, айткам, – деп жооп берет. Ошондо ага:
– Анда аны өзүң бузган турбайсыңбы, – деп айтты». («Аль-Ихья», 2/230)
Ата-эненин баласына кылган жакшы тилеги да, каргыш сөздөрү да кабыл кылынат. Эгерде баланы жаштайында ар кандай сөздөр менен каргай берсе, анда анын айткан сөздөрү ал чоңойгондо сөзсүз таасирин берет. Кээ бир ата-энелер басса-турса балдарын каргап шилей берет, мисалы, өлүп кет, кара жерге кир, какпаш, көк мээ, адам сыягың жок, шалсың, колуңдан эч нерсе келбейт, итсиң, эшексиң деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтышат. Бул айтылган сөздөр ошол жерде эле калат деп ойлойт. Бирок ал сөздөр баланын тагдырына, келечегине терс таасирин тийгизерин билбейт. Ата-энеси баласына кичинесинде кандай сөздөрдү айткан болсо, анын мөмөсүн баласы чоңойгондо көрөт. Ошондуктан балага жакшы тилектерди, жакшы сөздөрдү гана айтуу зарыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ШЫПААНЫ ЖАКШЫЛЫК ИШТЕН ИЗДЕ
Абдуллах ибн Мубаракка бир адам келип, тизесине чыккан жара жети жылдан бери айыкпай жатканын, дарылануунун бардык түрлөрүн колдонуп көргөнүн, дарыгерлерден да сураштырып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтып арызданат. Ошондо Ибн Мубарак ага:
«Барып, адамдар сууга муктаж болгон жерден кудук казып бер. Ал жерден булактын көзү табылып, суу чыккан болсо, ошондо жараңдын ириң каны токтойт деп үмүт кылам» – деп айтат.
Ал адам анын айтканындай кылгандан кийин Аллахтын каалоосу менен ал оорусунан сакайып кетет. | "Шуабуль Ийман", 5/69
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР
Умар ибн Хаттаб, радыяллаху анхунун, риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Зайтундун майын (тамакка кошуп) жегиле жана денеңерге сүйкөгүлө. Анткени ал берекелүү дарактан». (Тирмизи)
Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ үйүнө келип: «Жегенге бирдеме барбы?» – деп сурады. Үй-бүлөсү: «Бизде сиркеден (уксус) башка эчтеме жок» – деп айтышты. Анда аны дасторконго алып келип аны менен тамактанып жатып: «Сирке нанга кошулуп желүүчү сонун катык» – деп үч жолу айтты. Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». Талха ибн Нафи айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн Жабир, радыяллаху анхудан, укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». (Муслим)
Пайгамбарыбыздын ﷺ убагында уксус курмадан же жүзүмдөн жасалып нанга кошуп жегенге ылайыктуу болгон.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ИЙГИЛИКТИН ЭШИГИН ЖАПКАН АЛТЫ НЕРСЕ
Шакыйк ибну Ибрахим, рахимахуллах, айтты:
Адамдарга ийгилик эшиги алты нерсе себептүү жабылат:
– Берилген жакшылыктар менен алек болуп, бирок аларга шүгүр кылышпайт.
– Илим алууга жанталашышат, бирок жашоодо ага амал кылышпайт.
– Күнөө кылууга шашылышат, бирок тообо кылууну кечиктиришет.
– Салих адамдар менен бирге жүргөнүнө тамшанышат, бирок алардын кылганын кылышпайт, алардан үлгү алышпайт.
– Дүйнө аларга артын салып кетип жатса да, алар анын артынан жандалбастап ээрчишет.
– Акырет аларга бет алып келе жатса да, алар андан качышат.
📖 «Аль-Фаваид», 284
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 МЫНДАЙ АЯЛ ЫЙМАН ЫРАХАТЫН СЕЗБЕЙТ
▷ Бир аял аалымдан:
– Мен турмушка чыкканга чейин көп намаз окуп, көп орозо кармачу элем. Куранды ырахаттануу менен окучум. Турмушка чыккандан кийин ыйман ырахатын такыр сезбей калдым? – деп сураганда, ал:
– Күйөөңө болгон мамилең кандай? – деп сурады.
– Шейх, мен сизден орозо, намаз, ыйман жөнүндө сурасам, сиз менден күйөөм тууралуу сурайсыз го? Бул суроого күйөөмдүн кандай тиешеси бар? – дегенде аалым айтты:
– Ооба, кызым. Билесиңби, эмне үчүн кээ бир аялдар ыйман ырахатын сезишпейт. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: «Аял күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин толук аткармайынча ыйман ырахатын сезбейт».
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech